Кыргызстандык балбан Асан Жанышов Испанияда өткөн дүйнө чемпионатында 20 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болду.
Жанышов 87 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, сапарын 1/8 финалдан баштады. Ал Грузия, Швеция жана Румыниядан келген атаандаштарын үч жолу катары менен жеңип, финалга чыгууну камсыздаган.
Кыргыз балбаны алтын медаль үчүн күрөштө азербайжандык Жоджу Самадов менен кез келип, аны 8:0 эсебинде жеңип, алтын медалдын ээси болду.