08:03
USD 87.00
EUR 90.43
RUB 0.88

Быйыл чет өлкөлөрдө 388 кыргызстандык каза болду. Басымдуу бөлүгү Орусияда

2024-жылдын башынан бери Кыргызстандын 388 жараны чет өлкөлөрдө каза болгон. Бул тууралуу 24.kg басылмасына КР Эмгек министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун директору Бактыбек Кудайбердиев билдирди.

Анын айтымында, сөөктөрдү мекенине алып келүүгө бюджеттен 34,7 миллион сом бөлүнгөн. Сөөктөрдү мекенине жеткирүү баасы өлкөдөн көз каранды: Түркиядан — 1 миң 300 еврого жакын, АКШдан — 5 миң доллар, Орусиядан — 70 миңден 120 миң рублга чейин экендигин айтты.

Каза болгондордун көбү, Орусияда иштеп жүргөн Кыргызстандын жарандары. Өлүмдүн негизги себептери жол-транспорт кырсыктары жана өндүрүштүк жаракаттар болууда. Быйыл өз жанын кыюу фактыларынын саны өстү — мындай жети учур катталган.

Өзгөчө Түркия жана Индияга дарылануу үчүн чет өлкөгө кеткендердин арасында да каза болгондордун саны өстү. Жалпы каза болгондордун ичинен 323 адам Россия Федерациясында каза болгон.

Бирок Бактыбек Кудайбердиев баса белгилегендей, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бир топ аз. 2023-жылы ушул эле мезгилде чет өлкөлөрдө 581 кыргызстандык каза болсо, анын 477си Орусияда каза болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар