22:30
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Ысык-Көлдөгү сел. Жабыркагандарга гумжардам берилди

Ысык-Көл жана Тоң райондорунагы селден жабыркагандарга гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эки райондун тургундарына 21,95 тонна биринчи сорттогу ун, 4,39 тонна кумшекер, 4 миң 390 литр өсүмдүк майы жана 8 миң 780 банка эт консервалары берилди.

Гуманитардык жардам Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан бөлүнүп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.

Эскерте кетсек, Ысык-Көлдүн түндүгү менен түштүгүндө сел жүрүп, Сару жана Кызыл-Суу айылдарында жолдорду, бастырмаларды жана бир үйдү суу каптаган. Түндүк жээгинде Булан-Сөгөтү, Корумду, Темировка айылдарындагы короо-сарайлар жана үйлөр жабыркаган. Жабыркаган айылдарды министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров текшерди. Ал үйлөрдү калыбына келтирүү үчүн боло турган компенсациялык төлөмдөр тууралуу маалымат берип, жаратылыш кырсыктарынан коргоо үчүн мүлктү камсыздандыруу зарылдыгын белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар