23:16
USD 87.00
EUR 90.58
RUB 0.83

Кыргызстандын элчиси машыктыруучу Акмал Хасановго ыраазычылык билдирди

Кыргызстандын Өзбекстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Муса Жаманбаев коңшу өлкөнүн бокс боюнча курама командасынын машыктыруучусу Акмал Хасанов менен жолугушуп, боксчу Мунарбек Сейитбек уулунаколдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Эскерте кетсек, Акмал Хасанов Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында КР курама командасынын мушкери Мунарбек Сейитбек уулуна секундант болуп чыккан.

Дипломаттын айтымында, 2024-жылкы оюндар Борбор Азия мамлекеттеринин достугун, биримдигин жана бир туугандык мамилесин көрсөттү.

«Эки өлкөнүн аймагында машыгуу иш-чаралары, лагерлер, спарринг машыгуулары, ошондой эле Өзбекстан менен Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командаларынын мастер-класстары биргелешип өткөрүлүшү керек», — деди ал.

Акмал Хасанов өз кезегинде Кыргызстанды бокс боюнча биринчи Олимпиада медалы менен куттуктады.

«Мунарбек Сейитбек уулунун күмүш медалы Кыргызстан үчүн биринчи Олимпиада медалы болуп калды. Париж Олимпиадасында тарыхта калуу бактысына ээ болдук», — деди ал.

Белгилей кетсек, Ташкентте өтүп жаткан ШКУнун эл аралык элдик дипломатия форумунда бокс боюнча Өзбекстан курама командасынын машыктыруучусу Акмал Хасановго Чыңгыз Айтматов атындагы медалды тапшыруу аземи болуп өттү.

Адис спорттук кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон зор салымы жана Париждеги Олимпиада оюндарында кыргыз мушкери Мунарбек Сейитбек уулуна колдоо көрсөткөндүгү үчүн жогорку сыйлык менен сыйланды.

«Мындай жогорку сыйлыкка ээ болуп, кыргыз элинин баасын алуу мен үчүн чоң сыймык. Биз, бир тууган элдер, ар дайым ез ара колдоону сезебиз жана муну бүткүл дүйнөгө көрсөтүү маанилуу. Кыргыз боксу динамикалуу өнүгүп, Мунарбектин образынан анын келечектеги жеңиштерин көрүп турабыз. Мындай татыктуу спортчуну колдоо мен үчүн чоң сыймык болду», — дейт Акмал Хасанов.

Өзбекстандык машыктыруучуга кыргыздын салттуу белектери: чапан, ак калпак жана белгилүү сүрөтчү Сабитжан ​​Бабажановдун сүрөтү, ошондой эле Ысык-Көлгө саякат тартууланды.

Эң көп окулган жаңылыктар