Кыргызстандын улуттук олимпиадалык курама командасынын мүчөсү Айпери Медет кызы Париждеги Олимпиада оюндарынан кийин биринчи жолу күйөрмандарына кайрылды. Ал өзүнүн постун Instagram баракчасына жарыялады.
Ал Олимпиада оюндарында кыз-келиндер арасында эркин күрөш боюнча 76 кг чейинки салмак категориясында күрөшүп, 5-орунду ээлеген.
«Париждеги Олимп оюндарында мага эбегейсиз колдоо көрсөткөнүңүздөр үчүн чын жүрөгүмдөн ыраазычылык билдиргим келет. Максатыма жетүү үчүн мындан ары да бара берем. Сиздердин колдоонуздар менен», — деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.
Эске салсак, ал Кытай жана Индиянын спортчуларын жеңип, андан кийин америкалык жана кубалык спортчуларга утулуп, жеңилүү ызасын тарткан.