Бишкекте жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда. Бүгүн, 27-августта Чүй проспектиси унаа кыймылы үчүн ачылгандыгын Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Чүй проспектисинин Султан Ибраимов көчөсүнөн Төрөкул Айтматов көчөсүнө чейин жана Абдрахманов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды.
Муниципалитет Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Төрөкул Айтматов көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү капиталдык оңдоо иштери белгиленген мөөнөттөн бир ай мурда аяктаганын белгиледи.