17:45
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Улуттук банк эсептик ченди 9 пайыз деңгээлинде калтырды

Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик ченди 9 пайыз деңгээлинде өзгөртүүсүз калтырды. Бул тууралуу Улуттук банкттын өкүлү Аида Карабаева билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим бүгүн, 27-августтан тартып күчүнө кирет.

«Кыргызстанда жылдык инфляция көрсөткүчү төмөндөп, 3,6 пайыз деңгээлинде түптөлгөн. Товардык түзүмдө азык-түлүк товарлары боюнча керектөө бааларынын өсүш арымы төмөндөгөндүгү байкалган, бул азык-түлүктүн (негизинен жашылча жана жемиштер, ошондой эле сүт азыктарынын) сезондук арзандашы менен да шартталган, натыйжада ай маанисинде алганда дефляция белгиленген. Азык-түлүктөн башка товарлар тобуна жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын өсүшү бир калыпта басаңдаган», — деди ал.

2024-жылдын январь-июль айларында өлкөнүн экономикасынын өсүшү реалдуу мааниде алганда 8,7 пайызды түзгөн. Негизги капиталга инвестициялардын көлөмүнүн өсүшү жана экономикалык субъекттердин керектөө жигердүүлүгүнүн жогорулашы өлкөнүн экономикалык жактан өнүгүшүнө дем берүүнү улантууда. Ички суроо-талаптын кеңейиши керектөө кредиттеринин көбөйүшү жана калктын реалдуу кирешелеринин өсүшү менен коштолууда.

Учурда өлкөнүн ички валюта рыногунда алмашуу курсунун өзгөрүлмөлүү режиминин алкагында, рынокто чет өлкө валютасына болгон суроо-талап менен сунуштун рынок тарабынан калыптанышына байланыштуу алмашуу курсунун ийкемдүүлүгү сакталууда. Улуттук банк алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн жөнгө салуу максатында, белгилүү бир мезгил аралыгында банктар аралык валюта рыногунда валюта интервенцияларын жүргүзүп турат", — деди Карабаева.

Карабаева кошумчалагандай, Улуттук банк түптөлгөн тышкы жана ички экономикалык шарттарга баа берүүнү улантат, тышкы чөйрөдө дагы деле сакталып турган тобокелдиктерди эске алуу менен акча-кредит саясатын ар тараптуу иштелип чыккан ыкмаларга таянуу менен жүргүзөт. Кандайдыр бир тобокелдик келип чыккан учурда Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатына кошумча түзөтүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт.

Эсептик чен өлчөмү жөнүндө маселе боюнча Улуттук банк башкармасынын кийинки план боюнча отуруму 2024-жылдын 28-октябрында өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар