22:14
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Париж −2024: Машыктыруучуларга акчалай сыйлыктар тапшырылды. Тизме

Бүгүн, 13-августта Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Париж Олимпиадасынын катышуучуларын, байге ээлерин жана алардын машыктыруучуларын сыйлоо аземи өттү.

Төмөндө акчалай сыйлык тапшырылган машыктыруучулар жана дарыгерлердин тизмеси:

Машыктыруучулар:

Евгений Петрашов, сууда сүзүү боюнча башкы машыктыруучу (Денис Петрашов жана Елизавета Печерскихтин биринчи жана жеке машыктыруучусу) — 650 миң сом;

Андрей Полубапкин, жеңил атлетика боюча Сардана Трофимованын жеке машыктыруучусу — 125 миң сом;

Айып Исаков, жеңил атлетика боюча башкы машыктыруучу — 150 миң сом;

Улукбек Өмүрзаков, дзюдо боюнча машыктыруучу, (Айбек Кубанычбековдун биринчи машыктыруучусу) — 50 миң сом;

Роман Кузьмин, дзюдо боюнча машыктыруучу, (Эрлан Шеровдун биринчи машыктыруучусу) — 175 миң сом;

Сергей Кладнов, дзюдо боюнча Кыргызстандын курама командасынын улук машыктыруучусу — 250 миң сом;

Абдужалил Юнусов, дзюдо боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу — 300 миң сом;

Исламбек Тазабеков, эркин күрөш боюнча машыктыруучу, (Бекзат Алмазбек уулунун биринчи машыктыруучусу) — 100 миң сом;

Рустам Учаров, эркин күрөш боюнча машыктыруучу, (Бекзат Алмазбек уулунун жеке машыктыруучусу) — 250 миң сом;

Сүймөнкул Табалды уулу , эркин күрөш боюча Кыргыстандын курама командасынын улук машыктыруучусу — 875 миң сом;

Руслан Мажинов, эркин күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу — 750 миң сом;

Биримкулов Чыңгыз, грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу, (Амантур Исмаиловдун биринчи машыктыруучусу) — 100 миң сом;

Дастан Муктаров , грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу, (Амантур Исмаиловдун жеке машыктыруучусу) — 250 миң сом;

Аязбек Жумашбаев , грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу, (Үзүр Жусупбековдун биринчи машыктыруучусу) — 700 миң сом;

Мамбектов Раатбек, грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу, (Үзүр Жусупбековдун жеке машыктыруучусу) — 1 млн 750 миң сом;

Хаким Махмудов , грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу (Жоламан Шаршембековдун биринчи машыктыруучусу) — 2 млн 450 миң сом;

Мейрамбек Ахмедов, грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу (Акжол Махмудовдун жеке машыктыруучусу) — 1 млн 750 миң сом;

Улукбек Карачолоков, грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын улук машыктыруучусу — 5 млн 500 миң сом;

Эркинбаев Азат, грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу — 6 млн 600 миң сом;

Түгөлбай Базакечов , кыз-келиндер күрөшү боюнча машыктыруучу (Айсулуу Тыныбекованын биринчи машыктыруучусу) — 700 миң сом;

Нурсултан Аскарбеков, кыз-келиндер күрөшү боюнча машыктыруучу (Айсулуу Тыныбекованын жеке машыктыруучусу) — 1 млн 750 миң сом;

Рахмадил Жуманазаров, кыз-келиндер күрөшү боюнча машыктыруучу (Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызынын биринчи машыктыруучусу) — 1 млн 100 миң сом;

Чынарбек Изабеков кыз-келиндер күрөшү боюнча машыктыруучу (Мээрим Жуманазарованын жеке машыктыруучусу) — 2 млн 500 миң сом;

Байгазы Кенжебаев , кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын улук машыктыруучусу — 4 млн 500 миң сом;

Нурбек Изабеков , кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу — 5 млн 650 миң сом;

Турдаалы Оморов , бокс боюнча машыктыруучу, (Мунарбек Сейитбек уулунун биринчи машыктыруучусу) — 1 млн сом;

Беганас Султанбаев, бокс боюнча машыктыруучу (Мунарбек Сейитбек уулунун жеке машыктыруучусу) — 2 млн 500 миң сом;

Сагынбаев Улан, бокс боюнча Кыргызстандын курама командасынын улук машыктыруучусу — 2 млн 500 миң сом;

Төлөгөн уулу Данияр, бокс боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу — 3 млн сом.

Медицина кызматкерлери:

Улукбек Кыдыев , массажист — 1 млн 375 миң сом;

Константин Еремич , массажист — 1 млн 375 миң сом;

Иса Биченов, дарыгер — 1 млн 375 миң сом;

Бактыгүл Алишева , дарыгер — 1 млн 375 миң сом;

Эң көп окулган жаңылыктар