Париж Олимпиадасына катышкан Кыргызстандын спортчулары өлкөгө кайтып келишти. Аларды Бишкектеги «Манас» эл аралык аэропортунда мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, спортчулардын ата-энелери жана жакындары тосуп алышкан.
Учурда спортчулар өкмөт үйүнүн алдына расмий мааракеге катышууда. Кыргыздын сыймыктуу спортчулары кызыл килемден өтүп жатышат.
Андан кийин спортчулар үчүн концерттик программа уюштурулат. Олимпиада оюндарынын катышуучулары жана медаль ээлерине мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун катышуусунда салтанаттуу белек тапшыруу аземи болот.
Белгилей кетсек, Олимпиадага Кыргызстандын 16 спортчусу сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерде күч сынашты.
Жалпысынан Кыргызстан Олимпиадада 6 медаль — 2 күмүш, 4 коло утту. 206 өлкөнүн ичинен медалдардын саны боюнча Кыргызстан 6 медалы 68-орунга чыкты.