Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде жүргөн сел 17 үйдү каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Чолпон-Атада төрт, Бактуу-Долоноту айылдарында 9, Булан-Сөгөттө бир, Бостериде үч үйдү суу каптаган. Мындан тышкары «Кооператив куруучу» эс алуу шаарчасына баруучу ички чарбалык көпүрө бузулган.
Жеринде 40 куткаруучу жана 3 берди мотопомптор иштеп жатат. Чолпон-Ата шаардык мэриясы бир экскаватор жана жүктөгүч бөлүп берди.