22:11
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Вебкам ишмердиги менен алектенгендер кылмыш жоопкерчилигине тартылат

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КР Кылмыш-жаза кодексине, КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 26-июнунда КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам сойкулукту жана бузукулукту интернет аркылуу түз эфирде (онлайн) атайын платформа (вебкам-студиялар) аркылуу уюштуруу, көмөк көрсөтүү жана сойкулук менен алектенүү укукка каршы экендигин белгилөө жана аталган жосундар үчүн жоопкерчиликти белгилөө максатында кабыл алынган.

Алсак, көрсөтүлгөн мыйзам төмөнкүлөрдү караштырат:

1) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине сойкулукту жана ыпластыкты интернет тармактары (вебкам-студиялар) аркылуу уюштуруу жана аларга көмөк көрсөтүү үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин белгилөөгө багытталган өзгөртүүлөрдү киргизүү;

2) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине сойкулук менен алектенүү үчүн жана порнографиялык мүнөздөгү аракеттерге интернет аркылуу түз эфирде (онлайн) катышуу үчүн жоопкерчиликти белгилөөгө багытталган толуктоолорду киргизүү.

Эң көп окулган жаңылыктар