Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүш материалдары боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында, мыйзамдагы ууру Камчы Асанбек ири ишкерлеринин бири — Маметов (Габбазов) Анвар Илшатович тарабынан уюшкан кылмыштуу топ деп аталган топтун ишин каржылоонун айрым фактылары аныкталган. Бул тууралуу УКМК билдирет.
2024-жылдын 16-июлунда Маметов Кыргызстанга келип, анын активдүү катышуусу менен тергөө органдары менен бир катар тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча, Маметовго карата мурда коюлган айыптар уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө жана каржылоосуна катышы жоктугунан алынып, сотко чейинки өндүрүш токтотулган.