14:13
USD 87.45
EUR 101.91
RUB 1.14

Новопавловка айылында тигүү цехинде чет элдиктер кулчулукта иштетилип келген

Новопавловка айылында чет элдик 30 жаран мыйзамсыз иштеп жүргөн тигүү цехи аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Коопсуздук кызматкерлери жер астындагы тигүү цехин түзүп, анда Түштүк Азиядан келген 30 адам иштеп жана жашап жаткандыгын аныктады. Тигүү цех жергиликтүү тургун Ж.А.га таандык болгон. Ал алдоо жолу менен чет элдик жарандарды жумушка чакырып, паспортторун тартып алып, эмгек акысын бербей, Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жашап жүргөнү үчүн түрмөгө камайбыз деп коркуткан.

Ошондой эле ал жергиликтүү ИИБнын кызматкерлери менен ич ара сүйлөшүп алып, чет өлкөлүк жарандардын паспортторун тартып алып, Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамсыз жүргөндүгү үчүн түрмөгө камайм деп коркутуп турган.

Мындан тышкары, Ж.А. чет өлкөлүк жарандар үчүн белгиленген миграциялык тартипти бузуп, керектүү документтерди (чет элдиктерди каттоо, эмгек визасы, иштөөгө уруксат ж.б.) даярдаган эмес. Чындыгында бул чет элдик жарандар өздөрүнүн эркине каршы кармалып, кулчулукта эмгектенген. Мындан тышкары, алардын жумуш орундары жана жашоо шарттары санитардык талаптарга жооп бербейт, ал эми толук тамактануу дээрлик камсыз кылынган эмес.

Мындан улам КР Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, аталган Ж.А. жана райондук милиция кызматкери А.А. ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлеринин катышуусунда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Эң көп окулган жаңылыктар