Европа чемпионатынын тайпалык баскычында Түркия курамасы 3:1 эсебинде Грузия командасын жеңип алды.
F тайпасындагы жолугушуу Дортмунд шаарындагы «Сигнал-Идуна-Парк» стадионунда өтүп, түрк командасыны алгачкы үч упайын алды.
Оюндун 25-мүнөтүндө Фенербахченин коргоочусу Мерт Мюлдур эсепти ачты.
32-мүнөттө Грузия курамасы эсепти теңегенге жетишти. Георгий Кочорашвили түрк командасынын айып аянтчасына оң тараптан жакындап келип, сокку узатты.
Беттеште үчүнчү голду 19 жаштагы Реал Мадриддин жарым коргоочусу Арда Гүлер киргизди. Каан Айхандын пасын алгандан кийин «Түркиялык Месси» айып аянтчанын сыртынан алыскы аралыктан сокку узатып, 65-мүнөттө командасын алдыга чыгарды.
Беттештин аягында Грузия курамасы бир нече кооптуу чабуулдарды жасады. Бирок Керем Актүркоглу 97-мүнөттө топту Грузиянын бош дарбазасына дарбазага узатып, оюнга чекит койду.
Кийинки турда Түркия 22-июнда Португалия менен беттешсе, Грузия курама командасы Чехия менен күч сынашат.