06:34
USD 87.45
EUR 101.91
RUB 1.14

Шенген визасы кымбаттады

11-июндан тарта Шенген өлкөлөрүнүн визасы үчүн консулдук жыйымдар жогорулайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, виза үчүн 90 евро алынат, ал эми 6 жаштан 12 жашка чейинки балдардын консулдук жыйымы 45 евро турат.

Мындан тышкары, Евробиримдикке мүчө Болгария менен Румыния 1-апрелден тарта үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарына кыска мөөнөттүү Шенген визасын берип жатканы кабарланды.

Эң көп окулган жаңылыктар