04:39
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Ноокатта акча опузалаган тергөөчү кармалды

Опузалап акча талап кылгандыгы үчүн Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ноокат РИИБнин тергөөчүсү, 1998-жылы туулган Т.У.Т. аттуу милициянын улук лейтенанты тергөөгө чейинки текшерүү материалдарынын негизинде кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө арыз ээсине каршы чечим чыгарганы үчүн 30 миң сом өлчөмүндө пара талап кылгандыгы аныкталды.

25-майда аталган тергөөчү иш бөлмөсүндө 10 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып, тийиштүү далилдерди жок кылууга аракет кылып жаткан учурда кармалды. Ишкананы тинтүү учурунда көрсөтүлгөн акча каражаттары табылган.

Кармалган адам эсин жоготкондуктан, окуя болгон жерге тез жардам кызматы чакырылып, ал Ноокат райондук ооруканасына жаткырылды, учурда абалы туруктуу. Медициналык текшерүүнүн жана дарылоонун жыйынтыгы менен Т.У.Т.ну УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө абагына камоо маселеси каралат.

Учурда тергөө иштери уланып, аталган кылмышка башка кызматкерлердин катыштыгы аныкталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар