Кыргызстанда мектептерде мамлекеттик экзамендер 3-июндан 15-июнга чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация окутуу кыргыз, орус, ɵзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарынын 9-11-классынын бүтүрүүчүлөрү үчүн 4 предмет боюнча жүргүзүлөт.
9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн:
алгебрадан (жазуу түрүндө комплекстүү тест) — 3-июнда;
эне тилинен (дилбаяндын элементтерин камтыган баяндама) — 7-июнда;
кыргыз тилинен (орус, өзбек жана тажик тилинде окутулган класстарда) жана орус тилинен (окутуу кыргыз тилинде окутулган класстарда, жазуу түрүндө комплекстүү тест) — 11-июнда;
Кыргызстандын тарыхынан (оозеки) — 14-июнда.
11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн:
эне тили жана адабиятынан (эссе) — 3-июнда;
математикадан (жазуу түрүндө комплекстүү тест) — 7-июнда;
Кыргызстандын тарыхынан (оозеки) — 11-июнда;
кыргыз тилинен (орус, өзбек жана тажик тилдеринде окутулган класстарда) жана орус тилинен (окутуу кыргыз тилинде окутулган класстарда, жазуу түрүндө комплекстүү тест) — 14-июнда.