18:19
USD 87.86
EUR 93.94
RUB 1.00

Орусияда дагы бир генерал камакка алынды

Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн байланыш боюнча башкы башкармалыгынын башчысы, генерал-лейтенант Вадим Шамаринди камакка алынды. Бул тууралуу Орусиянын басылмалары жазышууда.

Генерал өзгөчө ири өлчөмдө пара алган деп айыпталууда. Сот кечээ Вадим Шамариндин баш коргоо чарасын карап, эки айга калтырды. Интерфакс маалымат булагы Вадим Шамаринге мамлекеттик контракттарды берүүдөгү паракорчулук боюнча айыпталып жатканын жана ал кылмыш иши боюнча суракка алынып келингенин билдирди.

Бул акыркы бир айда камакка алынган биринчи орус генералы эмес. Апрель айынын аягында Россия Федерациясынын Коргоо министринин орун басары Тимур Иванов коррупциялык иш боюнча кармалган. Майдын ортосунда Коргоо министрлигинин башкы кадр башкармалыгынын башчысы, генерал-лейтенант Юрий Кузнецов камакка алынган. 58-армиянын мурдагы командири, генерал-майор Иван Попов 2024-жылдын 21-майында алдамчылык боюнча камакка алынган.

Эң көп окулган жаңылыктар