Адам уурдоо фактысы боюнча Камчы Асанбектин (Көлбаев) тууганы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызмат жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө К.Асанбектин туугандары Ж.Э.А. жана Ж.С.А. күч колдонуу жолу менен жергиликтүү кеңештин айрым депутаттарын мыйзамсыз эркиндигинен ажыратышкан. Натыйжада козголгон кылмыш ишинин алкагында бир катар ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлдү.
Учурда адам уурдоо фактысы боюнча Ж.Э.А. Каракол шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.