20:25
USD 87.86
EUR 93.94
RUB 1.00

Көзү ачыктарды жарнамалоого тыюу салган мыйзам экинчи окуудан өттү

Жогорку Кеңеш көзү ачыктарды, сыйкырчыларды жана алар көрсөткөн кызматтарды жарнамалоого тыюу салган мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Мыйзамга ылайык, көзү ачык, бүбү-бакшыларды телерадио, интернет сайт, социалдык тармактар ж.б. аркылуу жарнамалоого тыюу салуу сунушталууда.

Демилгечи депуттар мындай тыюу кыргызстандыктардын аң-сезимин манипуляциялоонун алдын алуу үчүн керектигин айтышты.

Мыйзамды талкуулоо учурунда депутат Гүлшаркан Култаева билими жок психологдорду дагы аталган тизмеге кошуу зарылдыгын белгиледи.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды. Көзү ачыктарга тыюу салуу

Эң көп окулган жаңылыктар