14:49
USD 87.86
EUR 93.94
RUB 1.00

Ысык-Көлдө үч өспүрүм жол кырсыгынан каза болду

Ысык-Көл районунун Кызы-Өрүк айылында үч өспүрүм жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине райондук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-майга караган түнү өспүрүмдөрдүн бири таятасына таандык Daimler Chrysler автунаасын уурдап чыккан. Кызыл-Өрүк айылынын чыгыш тарабындагы «Улан» эс алуу жайына баруучу жолдогу бурулушта айдоочу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, ала салып кеткен.

Жол кырсыгынын натыйжасында 3 адам (эркек балдар) окуя болгон жерден каза болгон.

Кырсык Ысык-Көл РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, тергөө кызматы тарабынан тиешелүү териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар