14:58
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Чикаго шаарында кыргыз исскуство академиясы ачылды

АКШнын Чикаго шаарында «Kyrg Demy» кыргыз исскуство академиясы ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов катышып, кыргыз диаспорасы менен байланышты чыңдоого жана Кыргызстандын маданиятын чет өлкөлөрдө жайылтууга багытталган бир катар жолугушууларды өткөрдү.

«Kyrg Demy» кыргыз исскусство академиясынын салтанаттуу ачылышында Сүйүнбек Касмамбетов мындай долбоорлордун маданий мурастарды сактоо жана кыргызстандыктардын жаңы муунун алардын ата-тегин сыйлоо духунда тарбиялоо үчүн маанилүү экенин белгиледи.

Мындан тышкары, мамлекеттик катчы салттуу кол өнөрчүлүк, улуттук кийимдер жана көркөм өнөр чыгармалары коюлган кыргыз этно-маданий көргөзмөсү, ошондой эле «Kyrgyz Community Center» кыргыз коомдук бирикмесинде ачылган кыргыз тил жана улуттук бий боюнча класстары менен таанышты.

Иш сапардын соңунда Сүйүнбек Касмамбетов Чикагодогу кыргыз диаспорасынын лидерлери жана активисттери менен жолугушуп, мекендештер менен өз ара аракеттенүү, маданий-агартуу демилгелерин колдоо маселелери талкууланды.

Эң көп окулган жаңылыктар