13:29
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Президент Садыр Жапаров Иран элине көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда, Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигине барып, Иран элине көңүл айтты. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Президент Ирандын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Голамхоссейн Ядегари менен жолугушту.

Садыр Жапаров көңүл айтуу китебине жазуу калтырды, анда Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан тик учактын каргашалуу кырсыкка учурашынан улам Иран Ислам Республикасынын Президенти Эбрахим Раисинин жана бир катар жогорку кызмат адамдарынын курман болгондугуна байланыштуу Иран элинин аза кайгысын тең бөлүшөрүн билдирип, көңүл айтты.

Ал Эбрахим Раисинин өз өлкөсүнүн ишенимдүү уулу болгонун, бүт өмүрүн Мекенге кызмат кылууга арнаганын белгиледи.

Садыр Жапаров Эбрахим Раисинин Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөгө жеке салымын кошконун да айтты.

Президенттин басма сөз кызматы
Фото Президенттин басма сөз кызматы. Садыр Жапаров

Эң көп окулган жаңылыктар