23:29
USD 87.10
EUR 99.05
RUB 1.07

Депутат Акыйкатчы институтунун ишине нааразылыгын айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев Акыйкатчы институтунун ишине нааразы экендигин айтты. Бул тууралуу эл өкүлү парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ага жарандар кайрылып, 2018-жылы коммерциялык банктардын биринен 4 миллион сом насыя алып, үйүн күрөөгө койгон;

«Кредит 2020-жылы төлөнүп берилгенине карабастан, банк күрөөдөгү үйдү саткан. Анын ээлери Ленин райондук жана Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылып, бирок ал жакта иштери жабылып калган. Андан кийин алар прокуратурага кайрылышкан, бирок кызматкерлердин бири үйдү анын туугандары сатып алгандыктан, иш жарандардын пайдасына чечилбей калышына кызыкдар болуп чыкты. Азыр жабырлануучулар УКМКга арыз жазышты», — деди Түмөнбаев.

Эл өкүлү бул үй-бүлө буга чейин Акыйкатчы Жамийла Жаманбаевага кайрылып келгенин, бирок ал жерде маселе чечиле электигин белгиледи. Депутат Акыйкатчы институту өз ишин жакшы аткарбай жатканын айтып, нааразы болду.

Эң көп окулган жаңылыктар