USD87.45EUR97.79RUB1.04
24.kg

Бишкекте Пакистандын тышкы иштер министри студенттерден кабар алды

13:37, 22 мая 2024, Бишкек - 24.kg

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкекке кыска мөөнөттүү иш сапары менен келген Пакистандын вице-премьери, тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар менен жолугушуп, Улуттук госпиталда дарыланып жаткан пакистандык жаранга чогуу барышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар түзүлгөн түз жана туруктуу өкмөттөр аралык байланыштын аркасында акыркы окуялар салттуу достук кыргыз-пакистан мамилелерине доо кетире албастыгына канааттангандыгын билдиришти.

«Бул кризис эки бир тууган мамлекеттин жакындыгын жана өз ара ишенимин сынады. Биз эки өлкөнүн дагы да жакындашуусуна эффективдүү чараларды көрүү үчүн бардыгын жасашыбыз керек», — деди Эдил Байсалов.

Авто

Ал пакистандык кесиптешин Кыргызстандагы чет элдик студенттерге жылуу-жумшак мамиле болооруна, жакында болгон окуяга күнөөлүүлөрдүн баары жоопко тартылаарына ишендирди.

Маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык чөйрөлөрдө кызматташтыкты бекемдөө боюнча бир катар биргелешкен кадамдар белгиленип, эмгек миграциясы маселелерин мамлекеттер аралык жөнгө салуу зарылчылыгы айтылды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика