15-майдан тарта Бишкекте № 227 автобус каттай баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, буга чейин анын ордуна кичи автобус каттап келген.
Маршруттун акыркы аялдамалары «Ак-Ордо» жана Көк-Жар конуштары болот. Линияда 20 автобус бар, тейлөө аралыгы 8-10 мүнөттү түзөт.
Коомдук транспорттун кыймылын «Менин шаарым» мобилдик тиркемесинде көзөмөлдөөгө болот. Алардын ар бири GPS трекери жана накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн валидаторлор менен жабдылган.