Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Шаржа жана Дубайга аба каттамдары токтотулду. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.
Ал эми Абу-Дабиге уча турган каттам кармалып жатат. Анын учуу убактысы бүгүн саат 18.50гө жылдырылды.
Эске салсак, Дубайда катуу бороон болуп, суу каптады. Шаарда коркунучтун кызгылт сары деңгээли жарыяланды.