15:46
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Президент «Мекенчилдин» мүчөлөрү катышкан окуя боюнча комментарий берди

Кечээ Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы шаар тургунун сабап, аны узак убакыт бою мыйзамсыз кармап турууга шек саналып алты киши кармалганын билдирген. Социалдык тармактарда окуя кызуу талкууга алынып, айрым интернет колдонуучулар кармалгандардын арасында «Мекенчил» партиясынын мүчөлөрү бар экенин жазышкан. Өлкө президенти «Кабар» агенттигине бул боюнча комментарий берди.

Садыр Жапаровдун айтымында, кийинки убакта «мекенчилмин» деген аферист, шантажчылар пайда болду.

«Камалгандардын арасында экөөсү шантажчы. Бирөөлөрдү шантаж кылып жеңил акча таап жан бакканга өтүп алышыптыр. Берки үчөөнү «кайсы кара теке сүздү» билбейм. Мен камалгандардын бирөөсүнүн шантаж кылып жүргөн смс билдирүүлөрүн, телефон чалууларын, үн жазууларын угуп, бир ай мурда чакырып эскерткем: «Эй жигиттер, минтип арам акча менен жан бакпай иштегиле, бизнес кылгыла, таза жашоого өткүлө» деп. Эми анын баарын айтып майдаланбай эле коёюн. Алардын бир туугандары жакшы билишет.

Бир туугандарынын катышуусунда эскерткемин: «Эй жигит, жапжаш эле бала экенсиң. Иште, адал эмгек менен акча тап» деп. Эгер кимде-ким мыйзамсыз иштерге барса, бирөөдөн шантаж кылып акча дооласа, коррупцияга аралашса «мекенчил» эмес, ким болсо да жоопко тартылат. Мекенчил болсоң чын жүрөктөн мекенчил бол. Мамлекет үчүн мекенчил бол. Мен мекенчилмин деп бирөөгө милдет кылба. Чыныгы мекенчилдер кыйкырбай эле, милдет кылбай эле мекенчил болуп жүрүшөт. Алардын баарын билем, тааныйм, бийик баалайм», — деди ал.

«Шантажчылар мурдатан эле «президентке жамандап кызматтан алдыртабыз» деп шантаж кылып акча алып жүрүшкөнүн билип, эки тарапты тең чакырып, эскерткемин: «Мамлекеттик кызматкерлердин кимиси кандай иштеп жатканы мага даана көрүнүп турат. Мурдакы заман жок. Бирөө мамлекеттин акчасынан бир тыйын уурдай албайт. Мейли мурда ким болбосун, кайсы партия менен шайлоого барбасын бөлбөймүн. Азыр күчтүү кадрлар жетишпей жатат. Сынчылар көп, колдорунан иш келбейт. Алардын баарын көрдүм», — деп кошумчалады өлкө башчысы.

Ал башкаруу мөөнөтүндө эл үчүн, мамлекет үчүн күнү-түнү дебей кара жанын карч уруп иштеп берген кызматкерлерди колдой турганын айтты.

«Тигини кызматтан ал, муну кызматтан ал деген сөздөрүңөрдү токтоткула. Ким иштей албай жатса, уурдаса силерсиз эле кызматтан алам» деп узаткам. Жеңил жашоого көнүп алган адам оңолбойт экен да. Мен кандай болбосун бир жактуу эле карап жыйынтык чыгара бербейм. Сөзсүз эки жакты тең угуп, кайсы тарабында чындык бар экенин тактап туруп анан жыйынтык чыгарам. Ошондуктан мекенчилдер камалды деп ызы-чуу түшө бериштин кереги жок. Медалдын эки бети бар экенин эстен чыгарбагыла», — деди ал.

Президентке «Бул кармоо менен жакында эле алар ооз ачарга барып анан жашыруун камера, тыңшоочу аппаратура таап алышы менен байланышы барбы? Ал жерге камера орнотуп жаткандардын беттери көрүнүп калган тасма тарап, бийлик атайы камера коюп, мекенчилдерге каршы иштеп атат деп чыгышты. Андагылардын бири Каныбек Туманбаевди коштоп жүргөндөрдүн бирине окшош экени айтылууда?» деген суроо берилди.

«Так кесе айта алам. Ал камерага бийликтин жана күч органдарынын таптакыр тиешеси жок. Күч органдары койсо антип «колхозчо» коймок эмес. Күч органдары койгон камераны таап алыш мүмкүн да эмес. Бул маселе териштирилет», — деп жооп берди.

Эң көп окулган жаңылыктар