20:07
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Президент күнөөсү далилденсе, саламаттык сактоо министри жазаланарын билдирди

Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин депутаттарынын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата нааразычылыгына комментарий берди.

Мамлекет башчысы Саламаттык сактоо министрлигинин башчысы анын досу да, бир кудасы да эмес экенин билдирди.

«Досум да эмес, «братым-сватым» да эмес. Жөн гана жакшы иштеген, коррупция менен уурулуктарга каршы күрөшүүдө тайманбаган министр болгону үчүн кармап жүрөм. «30 жылдан бери Саламаттык сактоо министрлигиндеги уюп калган коррупциялык системаны талкалап жок кыласың, карапайым эл үчүн жакшы шарттарды түзүп бересиң» деп шарт койгом. Колунан келишинче аткарып атат. Ага каршылыктар абдан күч экенин барыбыз жакшы билебиз. Мен бул эле министрди коргоп аткан жокмун. Коррупцияга каршы күрөшкөн, уурулуктарды токтоткон бардык министрлерди коргойм», — деди ал.

Ал коррупцияга, уурулукка аралашкан министрлерге аео жок экенин белгиледи.

«Бир эле жактуу болбой эки жакты тең карайбыз. Эгер депутат айткан фактылар аныкталса сөзсүз жазалайбыз», — деди ал.

Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү «Алтын Балалык» реабилитациялык борборунун ишке киргизилишине токтолуп, ишкерлер өз учурунда каражат жоктугун айтып, борборду калыбына келтирүүдөн баш тартканын эске салды. Бул үчүн 1,5 миллиард сом талап кылынган.

«Анда өзүбүз эле эптеп бир нерсе кылып бүтүрөлү деп марафон уюштурганбыз. Элден 58 миллион сом түшкөн. «Кумтөр» 200 миллон сом берген. Эпидфонд 33 миллон сом берген. Бардыгы болуп 291 миллион сом берилген. Эгер депутат айткандай ушул акчадан жеп койгону аныкталса жазалайбыз, төлөтөбүз. Биз бир дагы министрди коррупциясы же уурулугу үчүн коргогон эмеспиз жана коргобойбуз. Буга чейин канчалаган министрлер кетишти. Канчасы камалып чыкты көрүп эле атпайсыңарбы», — деди ал.

Прездент 2020-жылга чейин саламаттык сактоо министринин Дубай жана Түркияда батирлери жок болгонун кошумчалады.

«Текшерип көрүшсүн. Качан алган? Кайсы акчага алган баарын текшерип көрүшсүн. Эгер акыркы үч жылда алган болсо, анда конфискация кылабыз, жазалайбыз», — деп жыйынтыктады президент.

Эске салсак, 14-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу саламаттык сактоо министрин «кара хирург» деп атап, Алымкадыр Бейшеналиевдин уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар экенин айткан.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 24.kg агенттигине депутаттын билдирүүсүнө комментарий берип, кайрылган бардык бейтаптарга социалдык абалына карабастан медициналык жардам көрсөтөөрүн белгилеген.

Эң көп окулган жаңылыктар