02:52
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Мирлан Жекшенов Кара-Балта шаарынын мэри болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык Мирлан Жекшенов Кара-Балта шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Чечим «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 47-беренесине, президенттин 2023-жылдын 29-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» жарлыгына ылайык кабыл алынды.

Эске салсак, жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында Кара-Балта Калинин айылы (Токтош, Сад-Верха, Верхний и Ильич тилкелеринен тышкары), Гидропартия жана Красновосточный айыл аймагындагы Индом айылы менен бириктирилген. Кара-Балта облустук маанидеги шаарга айланды.

Эң көп окулган жаңылыктар