22:29
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Жылуулук менен камсыздоо объектилери жергиликтүү бийликке өткөрүлүп берилет

Президент Садыр Жапаров Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасын реформалоо боюнча кеңейтилген жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Садыр Жапаров жылуулук менен камсыздоо тутумун оптималдаштыруу боюнча көрүлгөн чараларга карабастан, ар жылы турак-жайларды жана социалдык объектилерди жылытууда кандайдыр бир маселе чыгып, көйгөй болуп келгенин айтты.

Президент көпчүлүк отканалардын эскилиги жетип, эффективдүүлүгү азайып, натыйжада чоң жоготуулар болуп жатканын белгиледи. Муну менен катар тармакта квалификациялуу адистердин жетишсиздиги, энергоресурстардын өздүк наркынын жогорулашы, ошондой эле коррупциялык көрүнүштөр сындуу себептерден улам иштин жүрүшүндө маселелер жаралууда.

Буга байланыштуу ал «Кыргызжылуулукэнергонун» филиалдары, Бишкек жана Ош шаарларынын ЖЭБдери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына, балансына өткөрүлө турганын белгиледи. Ошол эле маалда жылуулук менен камсыздоо объектилерин алдыдагы үч жылда каржылоо маселеси республикалык бюджеттен субсидия катары берилип турат. Бул убакыттан кийин отканалар өзүн-өзү актай турган деңгээлге чыгуусу тийиш.

Мамлекет башчысы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын калк алдында жоопкерчилигин жогорулатуу жана энергетика ишканаларын натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу зарылдыгына басым жасады. Ал ошондой эле алардын ишмердүүлүгүнө баа берүү жылуулук менен камсыздоо объектилерин башкаруунун натыйжалуулугуна жараша болорун белгиледи.

Президент отказандарды өткөрүү этап-этабы менен Энергетика министрлигинин жана энергетика компанияларынын адистеринин толук катышуусу жана көмөгү менен жүргүзүлөрүн билдирди. Министрлер кабинетине жана президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдыкты катуу көзөмөлдөөнү, бюджеттик каражаттарды өз убагында төлөөнү жана жылуулук менен камсыздоо объектилерине отун сатып алууну толук көлөмдө жүргүзүүнү тапшырды.

Эң көп окулган жаңылыктар