Президент Садыр Жапаров «Саясий мамлекеттик кызмат орундары, атайын мамлекеттик кызмат орундары жана саясий муниципалдык кызмат орундары жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Чечим саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын ишин уюштуруу маселелерин жөнгө салуу максатында кабыл алынды. Документте кызматка дайындоонун тартиби жана эрежелери каралган.
Анда белгиленгендей, кызматчынын иши саясий жетекчилик тарабынан кабыл алынган чечимдерге жана жүргүзүп жаткан саясатка ылайык келбеген учурда ал ээлеген кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн.
Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде же Кыргызстандын мыйзамдарында башкача каралбаса, кызматчыларга саясий партиялардын, камкорчулук же байкоочу кеңештердин башкаруу органдарынын, башка коммерциялык эмес өкмөттүк эмес уюмдардын, өлкө аймагында иштеген чет өлкөлүк коммерциялык эмес өкмөттүк эмес уюмдардын, алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн курамына кирүүгө тыюу салынат.
Жарлыкта кызматкерлердин укуктары жана милдеттери, анын ичинде алардын өргүүгө чыгуу, камсыздандыруу, медициналык тейлөө жана башка укуктары да аныкталган.