07:48
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Министр: мугалимдердин айлыгы 10 миңден 26 миң сомго чейин көтөрүлдү

2022-жылы мугалимдердин айлыгы 80 пайызга, ал эми STEM-мугалимдердин айлыгы 100 пайызга көтөрүлгөн. Бул тууралуу парламенттин социалдык саясат боюнча комитетинде билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылы мугалимдердин айлыгы 11 миң сом болсо, 2024-жылы 24 миң 400 сом болду. Жалпысынан бул мезгилде айлык акы 10 миңден 26 миң сомго чейин жогорулаган.

«Жогорку окуу жайлардын мугалимдеринин айлыгы 16 миң 600 сомдон 32 миң сомго чейин көтөрүлдү. Ошондой эле 2023-жылдын сентябрында 2 миңден ашык директордун жана директордун тарбия иштери боюнча орун басарларынын айлык акысы 50 пайызга жогорулады», — деди ал.

Ал былтыр республикалык бюджеттен 186 миллион сом, 2024-жылы 558 миллион сом бөлүнгөнүн кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар