23:19
USD 85.91
EUR 93.34
RUB 1.03

Президент Түркиянын башчысын шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров Түркияда өткөн муниципалдык шайлоонун жыйынтыгы боюнча Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоганды Түркияда муниципалдык шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.

 Түркиянын эли өлкөнүн мындан аркы гүлдөп-өсүү жолунда мамлекеттик багытты колдоорун дагы бир ирет көрсөттү.

Садыр Жапаров

 Ал эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу багыттары боюнча диалогду улантууга даяр экенин белгилеп, кыргыз тарап түрк лидерин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келишин күтүп жатканын айтты.

Мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, мурда жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Эң көп окулган жаңылыктар