01:55
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

Садыр Жапаров АКШнын сенатору Стив Дэйнсти кабыл алды

Президент Садыр Жапаров өлкөгө иш сапары менен келген Америка Кошмо Штаттарынын сенатору (Монтана штатынан) Стив Дэйнсти кабыл алды. Бул жөнүндө мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Эки тараптуу саясий жана экономикалык өнөктөштүктү арттыруу, энергетика, транспорт, пайдалуу кендерди казып алуу жана айыл чарба тармагындагы келечектүү долбоорлор боюнча пикир алмашуу болду.

Ошондой эле тараптар Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы эл аралык жана аймактык маселелер, анын ичинде эл аралык терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы өз-ара аракеттенүүнү бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Мамлекет башчысы АКШ менен саясий диалогду өнүктүрүү Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналарын белгиледи.

Ал сенатордун Кыргызстанга жасаган сапары ийгиликтүү болуп, эки өлкө менен элдердин ортосундагы мамилелерди мындан ары бекемдөөгө көмөктөшөт деген ишенимин билдирди.

Көп тараптуу форматтагы кызматташтык тууралуу айтып жатып, ал Борбор Азия менен АКШнын ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жалпы кызыкчылык экенин белгиледи. Ушуга байланыштуу, Кыргызстан «C5+1» (Борбор Азия + АКШ) регионалдык диалог аянтчасынын ишине активдүү катышууну улантат.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров кыргыз-америка парламенттер аралык кызматташтыгын кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Стив Дэйнс Борбор Азия регионунун стратегиялык маанисине басым жасап, региондогу туруктуулукту жана коопсуздукту сактоонун маанилүүлүгүн айтты.

Тараптар Кыргызстан менен АКШнын ортосунда көп пландуу диалогду улантууну жактай тургандарын тастыкташты.

Эң көп окулган жаңылыктар