Мектепке электрондук каттоо 8-апрелде башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, электрондук каттоо автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу эки этап менен жүргүзүлөт.
- I этап — жашаган жери боюнча (катталган жери боюнча) 8-апрелден 2-июнга чейин;
- II этап — анык жашаган жери боюнча (факт боюнча) 3-июндан 30-августка чейин.
Ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөр мектеп жашына жеткен баланы (6-7 жаш) 1-класска онлайн режиминде mektep.edu.gov.kg платформасында каттайт.
Электрондук каттоого тууралуу суроолор боюнча call-центрге 110 номери аркылуу 8-апрелден баштап саат 9:00дөн 18:00гө чейин кайрылууга болот. Түшкү тыныгуу: саат 12:00-13:00 арасы.