23:50
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

2024-2034-жылдары Кыргызстанда футболду өнүктүрүү боюнча жарлыкка кол коюлду

Президент Садыр Жапаров «2024—2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул туурлауу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыктын негизги максаты калктын ар кандай катмарын футбол менен үзгүлтүксүз машыгууга массалык түрдө тартуу үчүн оптималдуу шарттарды түзүү, футболчулардын чеберчилигин жогорулатуу, кесиптик футболду өнүктүрүү, жаштарды сергек жашоого умтулууга тарбиялоо болуп саналат.

Документ менен министрлер кабинетине Кыргыз футбол союзу менен биргеликте 2024—2034-жылдарга Кыргызстанда футболду өнүктүрүүнүн улуттук программасынын долбоорун даярдоо жана бекитүү тууралуу тапшырма каралган.

Белгиленгендей, программаны иштеп чыгуу жана кабыл алуу бул чөйрөдөгү болгон көйгөйлөрдү оптималдуу чечүү болуп саналат. Комплекстүү мамиле футболду өнүктүрүүнүн бардык аспекттерин эске алууга, тигил же бул иш-чаралардын артыкчылыгын аныктоого, мамлекеттик бийликтин аткаруу органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда ыйгарым укуктарды жана жоопкерчиликти бөлүштүрүүгө, коомдук уюмдардын, коммерциялык түзүмдөрдүн катышуусун кароого мүмкүндүк берет. Бул ыкма программалык иш-чараларды аткаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Программанын милдети:

  • футболду өнүктүрүүгө байланышкан көйгөйлүү маселелерди чечүү;
  • коомдун турмушунда футболду активдүү жайылтууга көмөктөшүү;
  • калктын ар кайсы катмарына спорт менен машыгуунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
  • материалдык-техникалык базаны жакшыртуу болуп саналат.

Программалык иш-чаралардын системасын ырааттуу жүзөгө ашыруу коомдук жана башка дене тарбия-спорттук уюмдардын бул иш-чараларга катышуусун активдештирүү менен бирге Кыргызстанда футболду өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды күчөтүүгө өбөлгө түзүшү керек.

Эң көп окулган жаңылыктар