12:36
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Президент: Эл үчүн иштеп жатабыз. Анан эмнеге митингге чыгышыңар керек

«Ооба. Убагында биз да митингдерди уюштурганбыз. Бирок биз биздин пайдабызга чечилип жаткан жакшы иштерди бурмалап, жеке кызыкчылыгыбыз үчүн митинг уюштурган эмеспиз да», — деди Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик агенттигине берген маегинде.

«Кумтөр» өз элибиздин кызыкчылыгына иштесин, казынадан суук колуңарды тарткыла, элибиздин жашоосун оңдогула» деп митинг уюштурчубуз. «Кумтөрдү» алдык. 30 миллиард сомго жакын салык төгүп жатат. Андан сырткары, 30 миллиард сомго жакын таза киреше берип жатат. Мурда биздин пайдабызга 5 миллиард сом салыктан башка «койдун корголу» жок болчу. Бюджет дээрлик үч эсеге көтөрүлдү», — деди ал.

Анын айтымында, салык, бажы системасындагы уурулук дээрлик 90 пайызга жок кылынды. Армия, күч түзүмдөрү болуп көрбөгөндөй күчтөлдү. Мектеп, жол, бала-бакчалар салынып жатат. Түшкө кирбеген мега долбоорлор башталды.

«ГЭСтер, ишканалар, маданий жана социалдык объектилер курулууда. Ортолоп калган долбоорлор, башталып жаткандары бар. Алар жылдан жылга ишке бериле баштайт. Жылдан жылга алар жемишин берип, экономикабыз мындан дагы күчтөнөт. Эмгек маяналар, пенсия, жөлөк пулдар дагы жогорулайт. Калкыбыздын жашоо турмушу дагы жакшырат. Кара жаныбызды карч уруп, эл үчүн иштеп жатабыз. Анан эмнеге митингге чыгышыңар керек? Мурдагыдай 200 эле киши жалпы элдин ырыскысын уурдап жашаган жашообуз жакшы экен деппи? Биз андайларга жол бербейбиз. Мен бул сөзүм менен коркуткан жокмун. Укуктарын да чектебейм. Жөн гана 200 коррупционер менен бийликке таарынган уурулардын, кызматынан ажырагандардын кызыкчылыгын эмес, 7,5 миллион элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын биринчи орунга коём. Коргойм. Бул менин эл ишенип добуш берген түздөн-түз милдетим», — деп айтты президент.

Эң көп окулган жаңылыктар