14:43
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Садыр Жапаров: Дааватты колдойм. Ага билимдүү адамдар чыгышы керек

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик «Кабар» агенттигине берген кезектеги маегинде даават жөнүндө айтты.

«Социалдык тармакта президент аалымдарды сабатсыз деди, дааватка каршы экен деп таарынгандар да болууда. Сиз кайсыл маселелер тууралуу айттыңыз эле?», — деген суроо берилди.

Президенттин айтымында, анын сөзүн бурмалап, элге жаман көрсөткүсү келген жарандар бар.

«Муфтийди кабыл алганда дааватчылардын кийинген кийимдерин оңдойлу, башка өлкөлөрдүн салттарын сиңирбей, өзүбүздүн эле улуттук салттарды жайылталы, эң жок дегенде медресени бүткөн же ислам университетин аяктаган билимдүү балдарды дааватка чыгаралы деген сунушумду айттым. Эмне үчүн? Мен республикабыздын ар булуң-бурчунан келген кишилерди көп кабыл алам. Өткөндө бир агайды кабыл алдым. Ал киши ушул дааватчылар жөнүндө кеп кылды. «Биздин айылга төрт-беш бала келип даават айтып жүрүшүптүр, албаа-далбаа болуп кийинип алышкан, анысы аз келгенсип кийимдери кир, жогорку билимдери жок, болгону 11-класс билимдери гана бар экен. Сакалдары курсагына жеткен. Мен өзүм мугалиммин. Көп жыл мектеп директору болдум, менин дин боюнча билимим алардыкынан жогору болуп чыкты. Анан ошолор мага акыл үйрөтөбү» дейт. «Аларды уят кылып кетирдим. Ошондой көрүнүштөрдү бир жолго салсаңыздар жакшы болот эле. Ошондойлорду көрүп кээ бир башка диндеги жарандарыбыз биздин динибизди жек көрүп атышат» деп, өзүнүн жакшы эле оюн айтты. Мен деле туура көрдүм. Ошол үчүн муфтийди кабыл алып, ушул темада баарлаштык», — деди ал.

Садыр Жапаров дааватты колдой турганын, молдонун, ажынын баласы экенин кошумчалады.

«Дааваттын зыяны жок. Дааваттан 90-жылдардан бери канча деген жарандарыбыз оң жолго түшкөнүн өз көзүм менен көргөм. Болгону дааватка чыккандарды зыңкыйтып кийинтип, сакал муруттарын тегиздеп, билими толук, кандай гана суроолор болсо жооп бере алгандарды жиберсек жакшы болот эле. Ошондо элибиз да дааватчыларга ишенип, аларды кунт коюп угуп, ээрчийт эле. Бул пикиримди муфтий да туура көрдү. Илгери аалымдар (дааватчылар) динге эле эмес, илимге дагы үйрөтүшкөн. Ар кайсы тилдерди окуткан. Мына ушул маселелер боюнча сөз болду. Келгиле азыр деле илгерки аалымдардын жолун жолдоп, дин менен бирге билимге чакыралы, илимге үйрөтөлү», — деп айтты ал.

Эң көп окулган жаңылыктар