07:33
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

Кимдер ооруканага жаткырылган учурда дарылануунун толук наркын төлөшөт

ММК фонду: Бейтаптар медициналык камсыздандыруусу жок ооруканага жаткырылганда дарылануунун толук наркын төлөшөт.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Кыргызстандын бардык жарандарына ооруканага пландуу жаткыруу учурунда медициналык камсыздандыруу жана үй-бүлөлүк дарыгердин жолдомосу болушу керектигин эскертет.

Камсыздандыруусу жок болгон учурда бейтаптар дарылануу үчүн 8 миң 400 сомдон 14 миң 310 сомго чейин (кошумча төлөмдүн максималдуу суммасын) төлөшөт.

Эгерде камсыздандыруусу же ММК полиси болсо, дарылоо мекемелерине жаткырылганда бөлүмдүн профилине (терапия же хирургия), ошондой эле деңгээлине (улуттук борборлорго) жараша 840 — 1 миң 90 сомдон 1 миң 160 — 1 миң 510 сомго чейин (кошумча төлөмдүн орточо суммасы) төлөшөт.

Камсыздандырылган категорияга кайсы жарандар кирет:

  • Алар үчүн иш берүүчү тарабынан милдеттүү медициналык камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнгөн жарандар;
  • ММК полиси бар адамдар, анын ичинде милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча төгүмдөрдү өз алдынча төлөгөн адамдар;
  • Милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча төгүмдөрдү төлөөчү дыйкан (фермер) чарбасынын мүчөлөрү;
  • 70 жашка чейинки пенсионерлер;
  • 6 жаштан 16 жашка чейинки балдар (жалпы билим берүү уюмдарынын, медреселердин окуучулары окуусун аяктаганга чейин, бирок 18 жашка чыкканга чейин);
  • Калкты иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдарында расмий катталган жумушсуздар;
  • Күндүзгү орто жана жогорку окуу жайларынын студенттери 21 жашка чыкканга чейин;
  • Кыргыз Республикасынын аскер кызматкерлери;
  • Ай сайын социалдык жөлөкпул алган адамдар.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу статусун кантип билүүгө же текшерүүгө болот: (камсыздандыруунун болушун)

  • Үй-бүлөлүк медицина борборуна кайрылыңыз
  • «Түндүк» порталынан;
  • ММК фондунун сайтынан;
  • ММК фондунун 113 шыр байланыш телефонуна чалуу аркылуу;
  • «ММК фонду», «Түндүк» жана «MBANK» мобилдик тиркемелери аркылуу.

«Бардык жарандарга шашылыш жана кечиктирилгис медициналык жардам, дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоону кошкондо бейтаптын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген абалдан чыгарылганга чейин акысыз көрсөтүлөрүн эскертебиз», — деп белгиледи мекеме.

Эң көп окулган жаңылыктар