03:28
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Садыр Жапаров Владимир Путинди президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясынын башчысы Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

«Садыр Жапаров Владимир Путинди болуп өткөн президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен куттуктап, бул Россия элинин мамлекеттик эгемендүүлүктү бекемдөө, калктын бакубаттуулугун жогорулатуу, Россия мамлекетинин өз алдынча, көз карандысыз жана ачык тышкы саясатын жүргүзүү боюнча даанышман саясатты жана жан аябас эмгекти жогору таануусунун жана колдоосунун ачык далили экенин белгиледи.

Президент Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин мындан ары да чыңдоо боюнча биргелешкен аракеттер приоритеттүү чөйрөлөрдө мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнүн бүткүл комплексин өнүктүрүүгө өбөлгө түзөөрүнө ишенет», — деп айтылат маалыматта.

Өлкө лидерлери кыргыз-россиялык эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, интеграциялык бирикмелердин алкагындагы өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүүсүн, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын май айында Москвада өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин мааракелик жыйынын талкуулашты, ага Садыр Жапаров да катышат.

Эң көп окулган жаңылыктар