00:03
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Билим берүү системасы 12 жылдык окутууга даярбы? Министрдин жообу

Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева Facebook баракчасында мектептерди 12 жылдык билим берүүгө өткөрүү тууралуу маалымат берди.

Ал 12 жылдык билим берүү моделине өтүүгө министрлик тарабынан бир нече жылдан бери даярдыктар жүрүп келгенин белгиледи. Бирок эки жолу Жогорку Кеңеште бул демилге колдоо тапкан эмес.

«Бул жолу президенттин тапшырмасы менен мектепте билим алуунун 12 жылдык моделине өтүп жатабыз», — деди ал.

 Ал окуучулар 19 жашка чейин окубай турганын, мурдагыдай эле 16-17 жашында мектепти бүтүрөрүн белгиледи. Болгону 0 класс деген жоюлуп, 1-класс деп аталат.

Министр буга ар бир мектепте даярдык бар экенин айтты. Учурда балдардын 80 пайызы даярдык менен мектеп босогосун аттайт. 12 жылдык билим берүүдө калган 20 пайыз бөбөктөрдүн билим алышына бирдей мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Догдуркүл Кендирбаева бул реформа донорлордун акчасы үчүн жасалган аракет эмес экенин, ал бюджеттен каржыланарын да айтты.

Ал ошондой эле Кембридж стандарттарынын негизинде жазылган Сингапур өлкөсүнүн программалары жана стандарттары, окуу китептери биздин мамлекеттик талаптарга жараша ылайыкташтырыларын билдирди.

«Аталган өлкө дүйнөдөгү билим берүү боюнча эң алдыңкы өлкө болуп саналат. Сингапурдан 46 наамдагы так илимдер боюнча предметтик жана англис тили боюнча китептерди бюджеттик каражаттын эсебинен сатып алуу пландалууда жана президентибиз бул процессти илгерилетүүгө тапшырма берди. Мындан ары мындай кымбат китептерди жеке менчик гана мектептердин окуучулары пайдаланбастан, ар бир кичинекей кыргызстандыкка жеткиликтүү болот», — деди ал.

Догдуркүл Кендирбаева мектеп жетишсиздиги боюнча маселелер да чечилип жатканын белгиледи. Акыркы үч жылда республика боюнча 216 мектеп салынган. Өлкө боюнча дагы 200дөй мектеп курулат. Мугалимдерди коштоо, усулдук жардам көрсөтүү, үзгүлтүсүз жана өзүнө ыңгайлуу убакта өз билимин өркүндөтүү үчүн санариптик билим кампасы толукталган ноутбуктар менен камсыздоо башталат.

Министр 12 жылдык билим берүүдө мектептерде кесипке багытталган класстар түзүлөрүн кошумчалады. Алар табигый-математикалык, гуманитардык, технологиялык багытта болот. Анын айтымында, мектептен кошумча жумушчу кесиптин ээси болуп, сертификат алганга мүмүнчүлүк жаралат жана окуучулар эмгек рыногунда атаандаштыка жөндөмдүү болуп чыгышат.

Эске салсак, министрлер кабинети «Жалпы орто билим берүү түзүмүн модернизациялоо жөнүндө» буйрукту карап чыгып, жактырган. Документтин кабыл алынышы менен мектептерди 12 жылдык окутууга этап-этабы менен өткөрүү башталат.

Эң көп окулган жаңылыктар