00:41
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Түркия кыргыз мугалимдеринин квалификациясын жогорулатууда жардам берүүгө даяр

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Түркия элчисинин билим берүү боюнча кеңешчиси Күршат Дулкадир менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тараптар Догдуркүл Кендирбаеванын Түркиянын Улуттук билим берүү министри Юсуф Текин менен болгон жолугушуусунда көтөрүлгөн маселелерди талкуулашты.

Министр Догдуркүл Кендирбаева Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин алдында алдыңкы педагогикалык технологиялар институтун түзүүнү сунуштап, анда тынымсыз мугалимдерди кайра даярдоого, кесиптик квалификациясын өркүндөтүүгө жана мыкты адистерди даярдап чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлөрүн белгиледи. Ошондой эле министр Түркиянын элге билим берүү борборлору боюнча тажрыйбасы жогору экендигин белгилеп, бул жаатта Кыргызстанда креативдүү борборлорду ачуу, эки өлкөнүн балдары катыша турган балдар лагерлерин уюштуруу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну сунуштады.

Күршат Дулкадир министрдин демилгелери колдой тургандыгын билдирип, Түркия Кыргызстандын мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатууга көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Мында ал Түркиянын жогорку квалификациялуу кадрларын Кыргызстанга алып келип, мугалимдер үчүн окутуу уюштурууга болорун, ошондой эле Кыргызстандын алдыңкы мугалимдерин Түркияга алып барууга болорун айтты.

Мындан сырткары Күршат Дулкадир Кыргызстандын жалпы республикалык тестте жогору балл алган окуучуларына Түркияда билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча иштер жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар