23:58
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Президент Азимбек Бекназаровдун кайрылуусуна жооп берди

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакта отурган саясатчылардын бири Азимбек Бекназаровдун кайрылуусуна жана өлкөдө митинг жасоо аракети тууралуу айткандардын билдирүүлөрүнө жооп берди.

Президент саясатчынын кайрылуусун окуганын билдирди.

«Кечиришели, ит-жыгылыш бололу деген кайрылууларын мен да окудум. Бирок анын тагдырын мен чечпейм. Сот менен прокурор чечет. Бекназаровду колунан жетелеп барып түрмөгө мен салган жокмун да. Аңыраңдап-шаңыраңдаган бойдон барып өзү кирип кетти. Өзү эле эмес канчалаган жаштарды кошо сүйрөп кирип кетти. Алардын убалына калды. Келип аткан Кемпир-Абадды кетип атат деп сакалдуу башы менен жалпы элди адаштырганга аракет кылды. Биз Кемпир-Абаддын 50 пайызына ээ болдук да. Азыр Өзбекстан тараптан 3, биз тараптан 3 кишиден болуп теңме-тең башкарып олтурабыз. Түбөлүк теңме-тең болот. Буга чейин бир километр жакындай албайт элек. Уңгар-Тоо, Гавасай, айылдардын ичиндеги талаш жерлердин баары биз тарапка өттү. Анан Бекназаровко дагы эмне керек? Жөн гана өзүнүн арам оюн, жеке кызыкчылыгын ишке ашырайын деген ыплас максатын төбөдө Кудай деле көрүп турат да. «Илгерки заманын өткөн, бас, сенин ордуң түрмөдө» деп алып барып киргизип койду го деп ойлойм. Болбосо биз чечкен чек ара маселеси боюнча бизге медаль берсе жарашат эле. Тарых өзү баа берет бул маселеге», — деп айтты Садыр Жапаров.

Президент ошондой эле митинг тууралуу кептерге да комментарий берди.

«Митингдерден коркпойбуз. Жеке кызыкчылыктарын ишке ашырыш үчүн митингге чыккандарды көрүп качып же жашынып олтуруп алчу мен эмесмин. Эгер мен мамлекетти тоноп, жакындарымды майлуу жерге коюп, мамлекетти кризистин сазына батырып атсам корксом болот эле. Тескерисинче командам менен күнү-түнү дебей кара жаныбызды карч уруп иштеп жатабыз. Кекиртегинен сазга баткан мамлекетти эми араң саздан сууруп чыктык. Бажы, салык системасындагы уурулукту жоюп, бюджетти дээрлик 3 эсеге жакын көтөрдүк. Болбосо азыркыдай өнүгүүнү бул жакка коёлу, 2020-жылы эле чет жактардан кредит алып, эмгек акы менен пенсия, пособияларды жаап калган ахывалга келип калбадык беле. Сырткы карыздан кантип кутулабыз деген курч көйгөйдү эле талкуулап калбадык беле. Же эс тутумубуз ушунча кыскабы?

Эгер мурдакыдай уурдап эле жашаган заманыбыз жакшы экен деп митингке чыккандар болсо башынан сылап олтурбайбыз. Жооп катуу болот. Анткени «наше дело правое». Элдин көпчүлүк бөлүгү аларды колдобойт. Бизди колдойт. Көпчүлүккө баш ийиш керек», — деди ал.

Ошондой эле Садыр Жапаров митинг жасоо аракети тууралуу айткандарды «Райым Матраимов каржылап атат» деген пикирлер боюнча да өз оюн айтты.

«Райым Матраимов каржылап атат деген маалымат туура эмес го дейм. Бизде андай маалымат жок. Мен Райым Матраимовду бир эмес, эки жолу кабыл алгам. Биринчисинде мыйзамдагы ууру Көлбаев экөөнү кабыл алгам. Ал жолугушууда Камчыбек Кыдыршаевич да болгон. Ошондо Көлбаевке катуу эскерткем: «Эски заманыңарды унуткула. Элди, бизнесмендерди тонобогула. Криминалдар бири-бириңерди өлтүрбөгүлө. Саясатчылардын, инвесторлордун бир тал чачы түшпөсүн. Мындан ары тынч, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жашагыла» деп. Тилекке каршы, элди тоноосу токтободу. Базарларда майда чүйдө бизнестерге чейин үлүшкө олтуруп алыптыр. Кээ бир бизнесмендердин мүлктөрүн тартып алган фактылар аныкталды.

Экинчисинде Райым Матраимовдун өзүн кабыл алып: «Эки миллиард төлөдүң, Элдьдорадо соода борборуң, 10 батириң жана башка оокаттарың мамлекетке өттү. Эми мындан ары тынч өз оокатыңды кыл. Криминалдарга аралашпа, алар менен дос болбо» деп айткам. Тилекке каршы, байланышын үзбөптүр да. Атайы кызматы анын криминал менен байланышкан иштерин таап чыгышты. Мурда эми өз эрки менен эки миллиард төлөгөндөн кийин деп канча мүлкү бар экенин андан ары казган эмес. Бул жолу башкаларга каттап койгон мүлктөрүнүн баарын таап чыгышты. Мамлекеттин пайдасына өткөрүп жатышат», — деп жыйынтыктады ал.

Эң көп окулган жаңылыктар