15:00
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын акциясы президенттин иш башкармалыгына өттү

Президент Садыр Жапаров «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомунда акционер катары чыгуу боюнча министрлер кабинетинин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функцияларды өткөрүп берүү жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыкта белгиленгендей, ал Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, Кыргызстанда ипотекалык кредит берүү механизмин жакшыртуу, ошондой эле социалдык чөйрөнүн кызматкерлерин, аскер кызматчыларды, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды ипотекалык кредит берүү аркылуу турак жай менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик программаны кабыл алуу жана ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү максатында кабыл алынды.

Министрлер кабинетине төмөнкүлөр тапшырылды:

1) акциялардын мамлекеттик үлүшү 100 пайыз болгон Мамлекеттик ипотекалык компаниясында акционер катары чыгуу боюнча министрлер кабинетинин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функцияларды Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктен президенттин иш башкармалыгына өткөрүп берүү;

2) президенттин иш башкармалыгы менен биргеликте президенттин иш башкармалыгы жөнүндө жобого ушул жарлыктан келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча чечимдин долбоорун кароого киргизүү.

Мындан тышкары, президенттин иш башкармалыгына Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттик менен биргеликте жарлыктан келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрүү, ал эми министрлер кабинетине өзүнүн чечимдерин ушул жарлыкка ылайык келтирүү тапшырылды.

Эң көп окулган жаңылыктар