00:50
USD 88.35
EUR 95.16
RUB 0.95

«Сосновка» постунда жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу «Сосновка» көзөмөл-өткөрмө бекетинде жана Өтмөк ашуусунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеме чектөө качан алынары жөнүндө кошумча маалымат берет.

Ошондой эле башкармалык алыскы жолго чыккан айдоочулардан аралыкты жана жол коопсуздугун сактоону суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар