10:45
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Өзгөчө макамдагы ЖОЖдор топтолгон каражаттарын илимди өнүктүрүүгө багыттайт

Өзгөчө макамдагы ЖОЖдор топтолгон каражаттарын илим тармагын өнүктүрүүгө багыттайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

«Жогорку кесиптик билим берүү системасында өсүү өнүгүү точкалары — өзгөчө статуска ээ 5 университет болуп саналат. Академиялык жана финансылык эркиндикти колдонуунун уникалдуу мүмкүнчүлүгү биринчи натыйжаларын берип жатат», — деди билдирди Догдуркүл Кендирбаева министрликтин коллегиялык жыйналышында.

Анын айтымында, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин, Кыргыз улуттук университетинин бюджети 1 миллиард сомго чейин өсүп, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын бюджети 1 миллиард 400 миллион сомго жеткен.

 Өзгөчө макамдагы университеттер топтолгон каражаттарды илимди, технологияны, инновацияларды, стартаптарды, лабораторияларды өнүктүрүүгө багытташат.

«Министрликтин атайын буйругу менен 2023-жылдын ноябрында өзгөчө макамдагы ЖОЖдор билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн мектептерди көзөмөлгө алышкан. Мындан сырткары министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, жогорку окуу жайларында бизнес-идеяларды илгерилетүү үчүн «Студенттик стартап» пилоттук программасын ишке ашыруу башталды», — деп белгиледи мекеме.

Ошондой эле Ош мамлекеттик университетинин жана Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында «Кытай университети — Кытай ишканасы — Кыргыз университети» кызматташуу модели боюнча Лу Бань атындагы цехтер түзүлүүдө.

Кыргызстандын ЖОЖдору үчүн биринчи жолу Дүйнөлүк банктын 25 миллион долларлык долбоору иштелип чыгып, ратификациялоодон өтүп жатат. Долбоор инновацияларга, прикладдык изилдөөлөргө жана изилдөө лабораторияларына, инновациялык университеттерди, алдыңкы тажрыйба борборлорун түзүүгө багытталат.

Эске салсак, 2022-жылы 18-июлда президенттин "Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгы чыккан. Кеңири уюштуруучулук, финансылык жана академиялык автономияны караган өзгөчө макамды төмөндөгү окуу жайлар алган:

  • Кыргыз улуттук университети;
  • Кыргыз мамлекеттик техникалык университети;
  • Кыргыз улуттук агрардык университети;
  •  Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы;
  • Ош мамлекеттик университети.

Кыргыз экономикалык университетине илимий-изилдөө университети макамы ыйгарылган. «Президентке караштуу № 99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейи» мекемесине да өзгөчө статус берилген.

Эң көп окулган жаңылыктар