Ашыкчы жүктөмдү азайтуу үчүн кыска мөөнөттүү өчүрүүлөрдүн графиктери электр тармактарынын ишканаларынын расмий сайттарында, фейсбук, инстаграм социалдык баракчаларында жана ЖМКларда жарыяланат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Расмий сайттар:
- Бишкек электр тармактар ишканасы — http://bipes.nesk.kg
- Жалал-Абад электр тармактар ишканасы — http://jpes.nesk.kg
- Ысык-Көл электр тармактар ишканасы — http://ipes.nesk.kg
- Нарын электр тармактар ишканасы — http://npes.nesk.kg
- Ош электр тармактар ишканасы — http://oshpes.nesk.kg\
- Талас электр тармактар ишканасы — http://tpes.nesk.kg
- Чүй электр тармактар ишканасы — http://chupes.nesk.kg
Министрлик керектөөчүлөрдү кырдаалга түшүнүү менен кароого жана электр энергиясына аяр мамиле кылууга, максималдуу жүктөмдөр убагында бир эле учурда бир нече энергияны көп талап кылуучу электр шаймандарын колдонбоого чакырат.
Электр энергиясына байланыштуу маселе жаралган учурда «Кыргызстан улуттук электр тармагынын» күнү-түнү иштеген колл-борборуна кайрылып, тактаса болот: 105, 1209, +996 772 001209; +996 702 001209; +996 556 001209 (WhatsApp).