11:57
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кипрдин университеттери Кыргызстандын жарандарына 17 стипендия берет

Кипр Республикасынын университеттери Кыргызстандын жарандарына 2024-2025-окуу жылында 17 стипендия берет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 11 стипендия бакалавр даражасын, 6 стипендия магистр даражасын алууга багытталган. Жогорку окуу жайларынын тизмеси:

  • University of Cyprus — бизнести башкаруу боюнча магистр даражасы, бир стипендия — окуу акысын 70 пайызга чейин камтыйт. Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү 31-мартка чейин. Кененирээк маалыматты ссылка аркылуу алууга болот.
  • Open University of Cyprus — магистратура, бир стипендия — окуу акысынын 100 пайызын жабат. Кененирээк маалыматты ссылка аркылуу алууга болот.
  • Frederick University — бакалавриат, бир стипендия — окуу акысынын 100 пайызын камсыз кылат. Бакалавриат, төрт стипендия — окуу акысынын 50 пайызын жабат, магистратура, бир стипендия — окуу акысынын 100 пайызын камсыз кылат, магистратура, эки стипендия — окуу акысынын 50 пайызын төлөйт. Кененирээк маалыматты ссылка аркылуу алууга болот.
  • UCLAn Cyprus — бакалавриат, эки стипендия — окуу акысын 50 пайыз жабат, 3 стипендия — окуу акысынын 40 пайызын камсыз кылат. Кененирээк маалыматты ссылка аркылуу алууга болот.
  • University of Limassol — магистратура, бир стипендия — окуу акысын 100 пайыз жабат. Кененирээк маалыматты ссылка аркылуу алууга болот.
  • American University of Beirut — Mediterraneo — бакалавриат, бир стипендия — 100 пайыз грант. Кененирээк маалыматты ссылка аркылуу алууга болот.
Эң көп окулган жаңылыктар