14:12
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Билим берүү министрлигинде балдарды эрте өнүктүрүү борбору ачылды

Билим берүү жана илим министрлигинде мектепке чейинки курактагы балдар үчүн «Бөбөктай» балдарды эрте өнүктүрүү борбору ачылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Борборду түзүүнүн негизги максаты — кенже курактагы балдардын өнүгүүсү үчүн жер жерлерде ыкчам өнүктүрүү кызматтарын уюштуруу жана анын үлгүсүн көрсөтүү, социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылуу жана жеке менчик, мамлекеттик өнөктөштүк боюнча бирдиктүү ишмердүүлүк жүргүзүү. Мындай борборду каалаган мекемеде, уюмда, ишканада уюштурууга болот. Айрыкча ошол мекеме-уюмдарда иштеген кызматкерлердин балдары үчүн ыңгайлуу.

Борбордо балдар эки сааттан 10 саатка чейинки убакытта боло алышат. Аларды И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен түзүлгөн келишимге ылайык күндүзү мектепке чейинки билим берүү адистигинде окуп жаткан студент-практиканттар карайт.

Борбордогу өнүктүрүүчү оюнчуктар, көрсөтмө куралдар, килемдер улуттук стилде коопсуз, экологиялык таза материалдардан жасалган. Ошондой эле муздаткыч, микротолкундуу меш жана телевизор менен жабдылган. Борбордун ичинде ысык жана муздак суу менен камсыздалган бөлмө, ошондой эле мектепке чейинки балдар үчүн өзүнчө дааратканасы бар.

Борбордун ачылышына «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду, Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы демөөрчүлүк кылган.

Эң көп окулган жаңылыктар